Нарындагы Түгөл уулу Усупбек мектебинде окуучуларга онлайн сабак өтүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин даярдоо классынын жетекчиси Айнура Сыдыкова окуучулар менен бирдикте «Наристе» программасынын алкагында Жумгал жана Кочкор аймактарындагы мугалимдер менен онлайн сабак өттү. Бул тууралуу мектеп жамаатынан аймактык кабарчыга билдиришти.

Сабак «Курт-кумурскалар» деген темада өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында Кочкор жана Жумгал райондорунун мугалимдери онлайн режиминде сабакка анализ бере алышты. Сабакка окуучулар активдүү катышып, курт-кумурскалар боюнча бир топ маалыматтарды алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up