Нарындагы мектептин окуучулары арасында сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыкты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 5-6-7-класстардын окуучулары арасында «Кыргыз тили — кош канаты кыргыздын» аталышындагы сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынак мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Жыйынтыгында 1-орунга Марлисбекова Танзалия ээ болду. 2-орунга Бекишова Нагима татыды. Ал эми 3-орунга Нарынбекова Акылай чыгып, жеңүүчүлөр диплом менен сыйланышты.

Сынактын жүрүшүнө мугалимдер Эркин Шабиев, Аскербек уулу Марс жана Жолдошбек Асеков кеп-кеңештерин айтып, көмөк көрсөтүштү. Иш-чарага китепканачы Майрам Кудайбергенова демөөрчүлүк кылып, жеңүүчүлөргө баалуу белектерди тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up