Кеминде «Манас» эпосунун күнү райондук деңгээлде белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - 4-декабрда «Манас» эпосунун күнүнө карата Кемин районуна караштуу Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде «Манас таануу» аталышындагы райондук иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Иш-чарага Кемин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Айгүл Курманалиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Тулебаева жана ошондой эле Кемин райондогу 29 мектептин кыргыз тилчи мугалимдери катышты.

Б.Юнусалиев орто мектебинин окуучулары, педегогикалык жамаат сүрөттөрдөн жана реферат-буклеттерден «Манас» галереясын жасашкан. 7-класстын окуучулары «Манас» гимнин аткарышты. 2-4-6-класстын окуучулары «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Ал эми 8-9-класстардын окуучуларынан түзүлгөн «Улуу баян» жана «Мурас» командалары арасында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болду. 8-9-11-класстын окуучулары Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасынан үзүндү аткарышкан.

«Манас таануу» иш-чарасы ыр-бий менен коштолду. Катышуучуларга Кемин райондук администрациясынын жана билим берүү бөлүмүнүн баалуу белектери, китептер тапшырылды.

Райондук масштабда өткөн «Манас таануу» иш-чарасын Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин бүтүрүүчүсү, КМУнун журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Анара Мурзабекова алып барды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up