Майлуу-Суудагы мектептерде зордук-зомбулукка жана СПИДге каршы иш-чаралар уюштурулду (сүрөт)

Билим АКИpress - «Зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын» алкагында Майлу-Суу шаарындагы мектептерде «Зордук- зомбулуксуз дүйнө», «Зордук-зомбулуксуз үй-бүлө» деген темаларда ачык сабактар өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

5-7-класстардын окуучулары «Зордук-зомбулуксуз дүйнө» аталышындагы сүрөт көргөзмөсүн уюштурушкан.

26-ноябрдан 3-декабрга чейин бардык жалпы билим берүүчү мектептерде мэриянын, ШИИБдин, шаардык прокуратуранын өкүлдөрүнүн, шаардык мечиттин башкы имамынын катышуусунда 5-11-класстардын окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Ал жолугушууларда «Зомбулуксуз мектеп» темасында видеоролик жана слайддар көрсөтүлүп, «Адептүүлүк — адамдын көркү», «Үй-бүлө — тарбиянын башаты», «Карынын сөзүн капка сал», «Чөйрөдөгү толеранттуулук мамиле» деген темаларда талкуулар болду.

2-декабрда шаарда Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата шаардык деңгээлде окуучулар жана студенттер арасында «Биз СПИДге жана баңгизаттарга каршыбыз!» ураанынын астында жөө жүрүш уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up