Билим берүү министри К.Исаков Япониянын элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда С.Маэда япон тилин терең окутуу боюнча Билим берүү министрлиги менен кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин айтты.

К.Исаков министрлик мектептерде көп тилдүү билим берүүгө басым жасап жатканын айтып, япон тилин окутууну өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Тараптар мындан сырткары, билим берүү жана башка тармактарга колдоо көрсөткөн Япониянын гранттык программасынын аткарылышын талкуулашты.

Министр мектеп имараттарынын сейсмикалык туруктуулугу боюнча долбоорду карап чыгууну сунуштады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up