Президент мектептерде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө мыйзамга кол койду

Билим АКИpress - Президент Сооронбай Жээнбеков «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мыйзам 2019-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргызстандын мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жалпы билим берүү уюмдарындагы башталгыч класстардын окуучуларына тамактанууну уюштуруу тартибин аныктайт.

Мыйзамдын максаты — билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун меню боюнча уюштуруу, алардын жаш курагына дал келген азык жана энергетикалык заттар, сарамжалдуу жана балансташкан тамактануу бүтүмдүгү үчүн укуктук шарттарды түзүү болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up