Баетовдогу Ш.Бейшеналиев мектебинде электрондук күндөлүк колдонулуп баштады

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебине «Электрондук күндөлүк» системасы киргизилди. Бул тууралуу мектеп директору Астра Токтогулова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата 11-ноябрдан тарта мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер ортосунда маалымат алмашуу процессин ылдамдатуу максатында электрондук күндөлүк пайдаланылууда. Электрондук күндөлүктө ата-энелер балдарынын жетишкендиктерин, сабак өткөн мугалимдерин, балдары кайсы сабакта отурганын, сабактардын тизмесин, кандай иш-чараларга катышып жатканын онлайн форматта көрө алышат.

«Электрондук кундөлүктүн артыкчылыгы — эгерде окуучу сабакка келбесе же кечигип келсе, ата-энесине дароо маалымат жетет. Ата-энелер чейректе баласы кандай баа алганын, кайсы сабакты көп окушу керектигин көрүп турушат. Андан сырткары мектепке чейинки билим алган жана 1-2-класстардагы балдар үчүн атайын белгилер менен билимдери бааланып, медалдарды тагынып жатканын, башталгыч класстын ата-энелери балдарынын үй тапшырмасын билбей калган учурда электрондук күндөлүк аркылуу үй тапшырмасын билип турууга болот. Бул иш-чараларды уюштуруу үчүн атайын адис даярдалган эмес. Бул программаны өз алдынча үйрөнүшкөн. Маалыматты жеке жибере алышат», - деди директор А.Токтогулова.

Электрондук күндөлүк ата-энелердин демөөрчүлүгү менен ишке киргизилген. Мугалимдердин бул программаны үйрөнүүсүнө кошумча каражат сарпталган эмес. Электрондук күндөлүк менен бирге мектептин сайты дагы ачылган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up