Нарындагы мектептерде «Биз СПИДге каршыбыз!» айлыгы жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Нарын шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан «Биз СПИДге каршыбыз!» айлыгы жарыяланып, анын алкагында бардык билим берүү мекемелеринде иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучу Назгүл Исабекова аймактык кабарчыга билдирди.

Айыккыс илдеттин кесепеттери тууралуу дарыгерлер окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анын алдын алуу боюнча лекцияларды өтүштү. Мектептерде өтүлгөн иш-чараларда дилбаяндар жазылып, сүрөт сынактары уюштурулду. Санбюллетендер, слайддар чыгарылып, флешмоб, чакан сценкалар коюлду.

Өткөрүлгөн айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, жыйынтыктоочу иш-чарага облустук СПИД борборунун жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Анда уюштурулган иш-чараларга баа берилип, активдүү катышкандарга Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up