Жер-Көчкү айылындагы мектепте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сый көрсөтүлдү

Билим АКИpress - Нарын районунун Жер-Көчкү айылындагы Б.Кыязов атындагы орто мектебинин кызматкерлери тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сый көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектеп директору Мирзат Мамбетова билдирди.

Иш-чаранын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана балдарга сый көрсөтүлдү. Иш-чараны мектептин уюштуруучусу Айша Токтоналиева менен математик мугалим Аида Касмалиева уюштуруп, балдарга жагымдуу маанай тартуулап, белектерди беришти. Сый тамак окуучулардын чакан программадагы концерти менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up