Ак-Талаадагы 5 мектептин окуучулары кичи футболдо мелдешип, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунда 5 айылдагы окуучулар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу милициянын ага лейтенанты Алманбет Керимов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 6-декабрь күнү кылмыштуулуктун алдын алуу жана мектеп рэкетчилигин болтурбоо максатында райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов, Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова, Чолок-Кайың айылындагы Бердаалы Календеров, Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев жана Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин окуучулары ортосунда мелдеш уюштурулган. Мелдешке Ак-Талаа милициясынын ага лейтенанты Алманбет Керимов, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору, милициянын прапорщиги Жаанбек Турдукулов жана аймактык инспектор, милициянын страшинасы Жергазар уулу Тилебалды күбө болуп, уюштуруу иштерин колго алышты.

Мелдештин соңунда 1-орунду Б.Календеров атындагы орто мектебинин окуучулары камсыздап, өтмө кубок, футболдук топ, медаль жана диплом менен сыйланышты. 2-орунду ээлеген Э.Мейманов атындагы орто мектебинин окуучулары волейбол ойноочу топ, медаль жана диплом менен сыйланышты. Ал эми 3-орунду камсыздаган Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин окуучулары 800 сомдук саат, медаль жана диплом менен сыйланышты.

Оюнга катышкан ар бир команданын окуучуларына Чолок-Кайың айылдык милициясынын аймактык бөлүмчөсү тарабынан сый тамак берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up