Жумгалдагы 16 мектептин окуучулары «Манас таануу» интеллектуалдык сынагында ат салышты (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районуна караштуу Байзак айылындагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинде 16 мектептин окуучулары арасында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы «Көй-Кашка» коомдук фондунун манасчылары жана жаш манасчылар, район акими Адыл Сапаров, анын орун басары Фатима Өмүралиева, окуучулар жана аларды даярдап келген мугалимдери катышты.

Алгач окуучулар «Манас» эпосу боюнча тест тапшырышты. Ошондой эле Манас атанын элесин чагылдыруу боюнча сүрөт сынагы жана «Манас» эпосунан үзүндү айтуу боюнча мелдештер өткөрүлдү. Соңунда финалга өткөн алдыңкы мектептин окуучулары экиге бөлүнүп, суроо-жооп иретинде таймашка чыгышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акиев атындагы орто мектебинин «Каныкей» тобу багындырды. 2-орунга райондун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинин «Аруу» тобу ээ болду. Ал эми 3-орунду Байзак айылынын А.Молдокеев атындагы орто мектебинин «Азирет» тобу алды. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана сыйлыктар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up