Венгриянын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн сынак жарыяланды

Билим АКИpress - Венгрия 2020-2021-окуу жылына карата бакалавр, магистратура жана доктарантура программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 75 бюджеттик орун бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Бакалавр багыты боюнча 30 орун каралган, магистратурага — 30 орун жана докторантурага — 15 орун.

Учурда бул бюджеттик орундарга кабыл алуу үчүн сынак башталды.

Гранттар Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасы аркылуу бөлүнүп жатат. Программаны башкарууну Темпус коомдук фонду жүргүзөт.

Кыргызстандын жарандары төмөнкү багыт боюнча акысыз билим алышат:

Бакалавриат программасында: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, маалыматтык технологиялар, спорт жана мамлекеттик саясат.

Магистратура программасында: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, маалыматтык технологиялар, спорт жана мамлекеттик саясат.

Докторантура программасында: бардык багыт боюнча.

Тандоо шарттары, керектүү документер жана сынак боюнча кеңири маалыматты министрликтин сайтындагы төмөндөгү шилтеме аркылуу алсаңыздар болот: https://edu.gov.kg/kg/mezhdunarodnye-programmy/postuplenie-v-vuzy-vengrii-v-ramkah-stipendialnoj-programmy-stipendium-hungaricum-scholarship-programme-na-2020-2021-uchebnyj-go/

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up