Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде зордук-замбулукка каршы сабактар жана сынактар уюштурулду (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын Кыргыз Республикасында ратификациялангандыгынын 25 жылдыгына карата иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Ар бир класста «Зордук-зомбулуксуз үй-бүлө», «Зордук-зомбулуксуз дүйнө» темаларында класстык тарбиялык сааттар өтүлдү. Ошондой эле 8-9-класстардын окуучулары арасында дубал гезиттер сынагы уюштурулуп, эң мыкты чыгарылган дубал гезиттер үчүн баалуу белектер берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up