Араван районунун эң мыкты кыргыз тилчи мугалими аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Араван районундагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин арасында «Эң мыкты кыргыз тилчи мугалим» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн кыргыз тил боюнча усулчусу Зейнегүл Маманова маалымдады.

Сынак 3 баскыч менен өтүп, ага жалпысынан 16 мугалим катышты. 1-баскычта мугалимдердин өздүгүн тастыктаган документтер кабыл алынып, катышуучулар мамлекеттик тил жөнүндө макала жазышты. 2-баскычта катышуучулар ЖРТ боюнча тесттик суроолорго жооп берип, синтаксистик, морфологиялык, фонетикалык талдоолорду жасашты. 1-2-баскычтардан эң жогору упай топтогон 7 мугалим финалдык турга жолдомо алышты.

Финалдык турда мугалимдер 6 шарт боюнча күч сынашты:

1.Саламдашуу;
2. Көркөм айтуу;
3. Монолог;
4. Макал-лакаптар;
5. Суроо-жооп;
6. Эркин тема.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Токтогул мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Уулбү Матисакова багындырып, «Эң мыкты кыргыз тилчи мугалим» номинациясына ээ болуп, 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды. 2-орунду А.Сайдахматов мектебинин мугалими Салимжан кызы Самара ээлеп, 2-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Калган катышуучуларга ыраазычылык кат жана китептер берилди.

Сынакты уюштуруунун негизги максаты — мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мугалимдердин иш тажрыйбасын өркүндөтүү болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up