Таластагы «Манас Ата» башталгыч мектебинде кайрымдуулук жармаңкеси өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Талас шаарындагы «Манас-Ата» башталгыч мектебинде 10-декабрда ата-энелер менен биргеликте «Берген кол алган колдон бийик турат» аталышында кайрымдуулук жармаңкеси болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Абдулла Досматов билдирди.

Буга чейин 9-11-класстын окуучулары менен мектеп жамааты Талас облусундагы Кум-Арык айылындагы майыптар үйүндө барып келишкен.

«Жаңы жылдык майрамга карата окуучулар менен бирге белек алып эмес, белек берүүнү пландап жатабыз. Максатыбыз — аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү аркылуу окуучулардын кайрымдуулук сезимдерин ойготуу», - дейт А.Досматов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up