Сүрөт — Ак-Талаа районундагы мектептер кайсы инсандардын ысымдарын алып жүрөт?

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жалпы орто билим берүүчү 18 орто мектеп бар. Ал мектептер кайсы инсандардын ысымын алып жүрөт, качан курулган, канча орундуу, канча окуучу окуп, канча адам эмгектенет — бул туурасында аймактык кабарчы маалымат топтоду.

Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектеби 3 корпустан турат. 1-корпусу 1997-жылы, 2-корпусу 1972-жылы, 3-корпусу 1983-жылы курулган. Учурда анда 953 окуучу билим алса, жалпысынан 104 адам эмгектенет.

Эргеш Мейманов 1941-жылы Кош-Дөбө айылында туулган. Кесиби — агроном. 1962-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин айыл чарба тармагында бригадир, агроном, партиялык комитеттин катчысы, колхоздо башкарма, совхоздо директор болуп эмгектенген.


Жерге-Тал айылынын Итикул Молдобаев атындагы орто мектеби 1999-жылы ашар жолу аркылуу курулган. Мектеп 80 орундуу. Учурда 130 окуучу билим алып, жалпы 35 адам эмгектенет.

Итикул Молдобаев 1924-жылы 13-январь күнү туулган. 1941-жылы колхоздо ар кандай жумуштарда иштеген. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, 1943-жылы катуу салгылашта жарадар болуп, мекенине кайтарылган. Согуштан келген соң мугалимдик кесипти окуп, 1944-жылдан 1984-жылга чейин билим берүү тармагында эмгектеген.


Чолок-Кайың айылындагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектеби 2 корпустан турат. 1-корпусу 1958-жылы, 2-корпусу 1986-жылы курулган. Мектеп 170 орундуу. Бүгүнкү күндө 504 окуучу, даярдоо классы менен 560 окуучу билим алууда. Жалпы 49 адам эмгектенет.

Бердаалы Календеров 1926-жылы аталган айылда туулган. 1940-жылдан 1956-жылга чейин мектептерде мугалим болуп эмгектенген. 1956-1967-жылдары партиялык кызматтарды аркалаган. Ал эми 1967-жылдан 1984-жылга чейин кайрадан мугалим болуп иштеген.


Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы 360 орундуу орто мектепте учурда 288 окуучу билим алып, жалпы 49 адам эмгектенип жатат.

Насипа Жыргалбекова 1924-жылы ушул эле айылда туулган. Өмүрүнүн аягына чейин мугалим болуп эмгектенген. Ал — «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими», «Эл агартуунун отличниги» наамдарынын ээси.


Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектеби 1985-жылы курулган. 320 орундуу типтүү мектеп. Учурда 414 окуучу билим алууда. Жалпы 65 адам эмгектенет.

Мукаш Базаркулов 1935-жылы туулган. Эмгек жолун жөнөкөй мугалим болуудан баштап, партиялык комитетте бөлүм башчы, инспектор, Талас районунун биринчи катчысы кызматтарын аркалаган. 1979-1991-жылдары Кыргыз Республикасынын агартуу министри болгон. 1975-1995-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.


Ак-Чий айылындагы Мырзабек Балбаков атындагы орто мектеби 1991-жылы ачылган. 1998-жылы Мырзабек Балбаков атындагы орто мектеби болуп түзүлгөн. Учурда жалпы 25 адам эмгектенет.

Мырзабек Балбаков 1902-жылы төрөлгөн. 1929-жылдан 1942-жылга чейин айылдагы мектепте мугалим болуп иштеген. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, кандуу согуш талаасынан кайтпай калган.


Жаңы-Тилек айылындагы Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектеби 1976-жылы салынган. 190 орундуу мектепте учурда 95 окуучу окуп, жалпы 17 адам эмгектенет. С.Жусупбаевдин ысымы мектепке 2005-жылы ыйгарылган.

Сабитакун Жусупбаев 1915-жылы жарык дүйнөгө келген. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, 1946-жылы кайтып келген. Согуштан келген соң аскер комиссариатында иштесе, кийин колхоздо бригадир, башкарма, кой фермасынын башчысы, колхозчу болуп эмгектенген.


Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектеби 1976-жылы курулган. Мектеп 275 орундуу, 4 корпустан турат. Учурда 777 окуучу 3 нөөмөт менен окушат. Жалпы 105 адам эмгектенет. Мектеп тар жана эски болгондуктан, 2014-жылдан ушул кезге чейин кошумча имараттын курулушу жүргүзүлүп келет.

Эсенгул Карасартов 1926-жылы туулган. 1958-жылдан өмүрүнүн аягына чейин айыл чарбасын өнүктүрүү тармагында агроном болуп иштеген. Жеңиш, Данов жана Ленин колхоздорунда башкарма болгон.


Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеби 1977-жылы курулган. 780 орундуу типтүү мектеп. Учурда 951 окуучу билим алып, жалпы 101 адам эмгектенет.

Шүкүрбек Бейшеналиев 1928-жылы азыркы Жаңы-Талап айылында жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз эл жазуучусу, драматург, прозаик жана балдар жазуучусу катары дүйнөгө таанылган. Белгилүү «Кычан» повестинин автору.


Баетов айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды-Булак айылындагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектеби 1986-жылы курулган. 150 орундуу мектепте учурда 130 окуучу окуйт. Жалпы 35 адам эмгектенет.

Бакый Мүсүралиева 1922-жылы Үгүт айылында туулган. Алгачкы эмгек жолун китепканачы болуп иштөө менен баштаган. Андан соң катардагы колхозчу, эсептөөчү болуп иштеген. 1948-жылдан тарта мал чарбачылыгында иштеп, 23 жыл малчы болгон. Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин депутаттык кызматына 3 жолу шайланган. Бакый Мүсүралиева — Социалисттик Эмгектин Баатыры.


Терек айылындагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектеби 2 корпустан турат. 1-корпусу 1972-жылы, 2-корпусу 1997-жылы ашар жолу менен курулган. 150 орундуу мектепте учурда 222 окуучу билим алууда. Жалпы 41 адам эмгектенет.

Калый Молдобасанов 1929-жылы аталган айылда туулган. Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин Эл артисти, белгилүү композитор, дирижёр. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин музыкасынын автору.


Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектеби 1972-жылы курулган. 130 орундуу мектепте бүгүнкү күндө 150 окуучу билим алууда. Жалпы 23 мугалим эмгектенет.

Муса Баетов 1902-жылы жылы Байгөнчөк айылында төрөлгөн. Элге белгилүү обончу, комузчу жана опера ырчысы катары таанылган инсан.


Үгүт айыл өкмөтүнө караштуу Байгөнчөк айылындагы Табрис Оторов атындагы орто мектеби 1986-жылы курулган. 110 орундуу мектепте учурда 126 окуучу билим алып жатат. Жалпы 33 адам эмгектенет.

Табрис Оторов 1924-жылы туулган. Коомдук ишмер. Бүтүндөй эмгек жолун айыл чарбасын өнүктүрүүгө арнаган.


Ак-Тал айылындагы Аскар Турдакунов атындагы орто мектеби 1961-жылы курулган. 1987-жылы кошумча 4 класстык кошумча имараты курулган. Учурда 281 окуучу билим алып, жалпы 34 мугалим эмгектенет.

Аскар Турдакунов 1922-жылы туулган. 45 жыл билим берүү тармагында эмгектенген. Мунун ичинен 16 жыл мугалим, 12 жыл окуу бөлүм башчысы, 10 жыл мектеп директору болуп иштесе, 7 жыл Куланак, Тогуз-Тородо мугалим болгон.


Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектеби 2016-жылы курулган заманбап типтеги мектеп. 275 орундуу мектепте учурда 564 окуучу окуйт. Жалпы 77 адам эмгектенет.

Байымбет Абдрахманов (Тоголок Молдо) 1860-жылы аталган айылда жарык дүйнөгө келген. Белгилүү комузчу, төкмө акын, алгачкы жазма акын, манасчы болгон. Көптөгөн тамсилдердин автору.


Ак-Кыя айылындагы Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектеби 1973-жылы ашар жолу менен курулган. Мектеп 3 корпустан турат. 250 орундуу мектепте азыркы күндө 487 окуучу билим алууда. Жалпы 65 адам эмгектенет. Мектеп авариялык абалда болгондуктан, 2017-жылы жаңы мектептин курулуш иштери башталып, ушул кезге чейин курулушу толук бүтпөй, токтоп турат. Ал эми окуучулар айыл өкмөттүн имаратында жана башка жерлерде окууга аргасыз.

Асанаалы Абдраимов — Социалисттик Эмгектин Баатыры.


Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби 1987-жылы курулган. 624 орундуу мектепте 582 окуучу жана даярдоо классында 69 окуучу билим алууда.

Жоробек Сатылганов 1954-жылы Нарын шаарында туулган. 1960-жылы Ленин атындагы орто мектебинде билим алган. Эмгек жолун жөнөкөй айдоочулуктан баштаган. Ал кезде Фрунзе шаарындагы Дене тарбия институтунда окуп, ошол эле окуу жайда мугалим болуп эмгектенген. 1988-жылы аспирантурага тапшырып, 1990-жылы «Философия илиминин кандидаты» наамына ээ болгон. Бир нече илимий эмгектердин автору.


Кызыл-Белес айылындагы Сүйүмбек Атамбеков атындагы орто мектеби 2014-жылы курулган. Заманбап типтеги 225 орундуу мектепте 277 окуучу окуйт. Жалпы 43 адам эмгектенет.

Сүйүмбек Атамбеков 1930-жылы аталган айылда туулган. 1951-жылдан тарта мугалимдик кесипти аркалаган. Тогуз-Торо, Куланак райондорунда мугалим, кийин өзү туулган айылында кесиби боюнча иштеген.

Материалды даярдоого Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана мектеп директорлору көмөк көрсөтүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up