Нарында инклюзивдик билим берүү маселеси талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө кеңешме болуп өттү. Ага билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, район акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, соцалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кеңешмеде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдик билим берүү жаатындагы көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын санын тактоо, алардын окууга тартылбай, көмүскөдө калып калуусуна жол бербөө маселеси боюнча акимдердин орун басарларына, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана райондук-шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берди.

Ошондой эле айрым райондордо билим берүү бөлүмү менен социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгынын берген маалыматтары бири-бири менен дал келбей жаткандыгын сынга алды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up