Ак-Талаа райондук балдар билим берүү борборунун окуучулары Нарын шаарына саякат жасашты

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Балдар билим берүү борборундагы «Жаш канат» ийриминин окуучулары Нарын шаарына саякат жасашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга борбордун мугалими Адилет Абдыбачаев билдирди.

Маалым болгондой, окуучуларды республикалык тестирлөөгө даярдоо, тажрыйба алмашуу максатында аталган борбордун «Жаш канат» ийриминин окуучулары Нарын шаарындагы түрк лицейинде жана «Нарын Секом» окуу борборунда болушту.

«Азыркы учурда түрк лицейдин окуучулары республикалык сынактарда, тестирлөөдө алдыңкы упайларды топтоп жатышат. Ошондуктан лицейдеги сабак берүүнү көрүү, олимпиадаларга, тестирлөөгө болгон даярдыктары менен таанышуу негизги максат болду. Ал эми «Нарын Секом» окутуу борборунда кесипти туура тандоо багыты боюнча кеңеш берилди», - деди А.Абдыбачаев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up