Буденовка мектебинин ашканасына заманбап жабдыктар тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - 11-декабрь күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Буденовка орто мектебинин ашканасына заманбап стилдеги 20 стол, 80 отургуч жана терезе жасалгалары тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган мектептин директору Миргул Кайдулатованын айтымында, буга чейин да демөөрчүлөрдүн жардамы менен мектептин сырты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.

«Түркия элчилигинин демилгеси менен Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги бизге демөөрчү болду. Буга чейин да Түркия элчилиги мектептин сыртын жасап беришкен», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up