Билим берүү министрлиги шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мектеп директорлору менен онлайн-жыйын өткөрдү

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Зомбулуксуз мектеп» программасынын алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча Ош шаарындагы жана Ош облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана социалдык педагогдор менен онлайн-жыйын өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, алгач Ош шаары менен түз байланыш уюштурулуп, шаардагы билим берүү мекемелеринде «Зомбулуксуз мектеп» программасынын алкагында жыл ичинде жүргүзүлгөн тарбиялык иштер, программага жүргүзүлгөн анализдер боюнча маалымат берилди.

Андан кийин Ош облусундагы жети иннновациялык мектептер менен онлайн-жыйын улантылды. Ар бир мектептин жетекчилиги менен тобокелдик тобундагы балдарга кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү, социалдык педагогдордун компетенттүүлүгү, алардын ишинде жаралган көйгөйлөр тууралуу талкуу жүрдү.

Министрлик онлайн түрүндөгү жыйындарды 17-декабрга чейин республиканын башка облустарындагы мектеп директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана соцпедагогдор менен өткөрмөкчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up