Сокулуктук окуучулар Республикалык балдар жана жаштар китепканасына саякат жасашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы «Давха-Сокулук» орто мектебинин окуучулары Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасына саякат жасашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептен билдиришти.

«Республикалык китепканага 7-класстын окуучулары барышты. Аларды директордун тарбия иштери боюнча орун басары жана англис тили мугалимдери коштоп барышты. Китепканын ичинде АКШ элчилигинин колдоосу менен дизайнерлик кесип боюнча багыт берилди. Андан тышкары, ар кандай викториналык суроолор болуп, балдар кызыгуу менен тапшырмаларды аткарып, таттуу белектерди алышты», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up