Бишкектеги №1 жана №78 мектеп-гимназияларынын окуучуларына укук бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Билим АКИpress - 2019-жылдын 11-12-декабрь күндөрү ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ЖУАБдын алдын алуу жана тарбиялык иштер боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарыбынан укук бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Түшүндүрүү иштери Бишкек шаарындагы №1 жана 78 мектеп-гимназияларынын 7-10-класстарынын окуучуларына жүргүзүлүп, кыска метраждуу видероликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле окуучулардын кызыккан сууроолоруна милиция кызматкерлери жооп берип, пайдалуу маалыматтар менен бөлүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up