Нарындагы мектептин окуучулары «Акыл таймашта» билим сынашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин алдындагы «Кадам» клубу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде окуучулар арасында «Акыл таймаш» сынагын өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын акыл көрөңгөсүн байытуу менен бирге китеп окууга үндөө болуп саналат.

Сынак 5 категориядан туруп, ар бир категорияда 5тен суроо болду. Ага 22 командадан турган 91 окуучу катышты.

Таймаштын жыйынтыгында 1-орунга «Хайп» командасы, 2-орунга «Лотос» командасы жана 3-орунга «После сказки» командасы чыкты.

1-орунду алган команда диплом, баалуу блектер менен сыйланса, 2-орунга диплом, Нарын шаарындагы муз аянтчасына эс алууга жолдомо, 3-орунга кулакчын (наушники) тапшырылды.

Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүлөрү Бакай Акылбеков, Эрлан Ысмайыл уулу жана Нарын районунун акиминин орун басары Сымбаткан Аттокурова катышты. Алар окуучулар акыл-насаатарын, жылуу сөздөрүн айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up