Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылындагы мектепте 3 багытта райондук семинар өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинде «Жаш инсандардын өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттар» деген темада райондук семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында, кечээ 11-декабрь күнү аталган айылдагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде жогоруда белгиленген теманын алкагында семинар өткөрүлдү.

«Семинарды 3 багытта өткөрдүк. Биринчиси — коопсуздук мектеп долбоорунун алкагында мектептин коопсуздук шарттарын түзүү, видеокөзөмөл орнотуу, класстарда эмеректердин туура жайгашуусу, интернет, компьтерлер менен камсыздоо жана сабактардын өтүлүшү. Экинчи багыт — окуучулар арасында зордук-зомбулуктун, мектеп рэкетчилигинин, кылмыштуулуктун алдын алуу. Ал эми үчүнчү багытта мектеп директорлоруна, мугалимдерге жана окуучуларга интернеттин пайдалуу жактарын колдонуу, китеп менен интернеттин коомдогу ролу жана пайдалуулугу талкууланды», - деди К.Эсеналиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up