Жаңы-Тилек айылындагы орто мектепте Ч.Айматовду эскеришти

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылындагы С.Жусупбаев атындагы орто мектебинде жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди. Бул тууралуу мектеп директору Мирбек Чырмыев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 12-декабрь күнү залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата аталган мектепте салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Анын жүрүшүндө жазуучунун чыгармаларынан чакан сахналаштырылган драмалар, кинолорунан үзүндүлөр көрсөтүлдү. Ошондой эле чыгармаларынан көркөм окуулар орун алып, монологдор айтылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up