Ош шаарында медиа-лаборатория өз ишин улантууда (сүрөт)

Билим АКИpress - 9-14-декабрь күндөрү Ош шаарында билим берүү кызматкерлери үчүн медиа-маалыматтык сабаттуулук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган «Медиа-маалыматтык жана санариптик сабаттуулук – XXI кылымдын мугалиминин негизги көндүмдөрү» аттуу медиа-лаборатория, башкача айтканда семинар-тренинг өз ишин улантууда. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

«ММК колдоо борбору» фонду тарабынан ишке ашып жаткан «Медиасабак» долбоорунун алкагында 8 локациядагы 3 күндүк медиа-лабораторияга (МедиаЛаб) Ош шаары, Ош облусу болуп, жалпы 40тан ашуун билим берүү кызматкерлери катышууда.

Медиа-лабораториянын программасы тренингдерди, оюндарды, ММС (медиа-маалыматтык сабаттуулук) компоненттери менен көнүгүүлөрдү, сынчыл ойломду, интернет айдыңындагы коопсуздукту камсыздоону, ошондой эле билим берүүдөгү заманбап санарип куралдарды пайдаланууну иш жүзүндө үйрөнүүнү өзүнө камтыйт.

Медиа-лаборатория АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин каржылык колдоосу менен «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санарип трансформация Концепциясындагы «Жол картасын» аткаруу иш-чарасынын алкагында «ММК колдоо борбору» фонду, Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте билим берүү аркылуу калктын медиа-маалыматтык сабаттуулугун арттыруу максатында түзүлгөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up