Илимдер академиясында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти

Билим АКИpress - 2019-жылдын 12-декабрында Кыргыз улуттук илимдер академиясында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Айтматов жөнүндө сөз: улуу инсан жана коомдук ишмер» аталышындагы эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Кече Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен уюштурулган.

Иш-чарага УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев, президенттин кеңешчиси Султан Раев, Жогорку Кеңештин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, академиктер, жалпы эле чыгармачылыгына таазим кылган замандаштары катышып, улуу инсан жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерип, ой бөлүшүштү.

Таланттуу жазуучу, улуу ойчул, гуманист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов — Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн инсан. Бул адам күчтүү руханий байлыгы жана туруктуу чыгармачылык изденүүсү менен тапкан табылгаларын бизге, коомго, окурмандарга берди. Айтматов гениалдуу улуу талант катары дүйнөлүк маданиятты өзүнүн жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө трансформациялап, чыныгы таза интеллекти менен дүйнөнүн интеллектуалдык элитасынын өкүлү катары, көптөгөн абройлуу эл аралык коомдук уюмдар менен тыгыз иштешип, айрым учурларда жетекчилик милдетти да аркалап келген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up