Мугалимдер.kg: Кара-Балтадагы мыкты бала бакчанын башчысы Ж.Үркүнова педагогикалык ишмердүүлүк тууралуу (видео, сүрөт)

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда агартуу майданында жаралып жаткан инновациялык табылгалар, окутуунун жаңы технологияларын колдонуу менен билим сапатын жогорулатып, тарбиялоо процессинин жеткиликтүүлүгүн арттырып жаткан билим берүү кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болот.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы 2018-жылда эң мыкты деп табылган «Золотой петушок» бала бакчасынын башчысы, КРнын билим берүүсүнүн отличниги Жаңыл Үркүнова. Ал мектепке чейинки мекемелерде тарбиялоонун актуалдуу маселелери, балдардын таанып-билүүсүн жана сүйлөө кебин өстүрүүдөгү ишмердүүлүк, педагогикалык-методикалык инновациялык табылгалар, окутуунун санариптик технологиялары жөнүндө ой бөлүшөт.

«Бала бакча — балалыктын өлкөсү»

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбия алып жаткан «жердин жандуу гүлдөрүнүн» бала бакчасы балалыктын өлкөсүнө айланат эмеспи. Кара-Балта шаарындагы «Золотой петушок» бала бакчасы мындай түшүнүктү туу тутуу менен ар бир баланын жан дүйнөсүн руханий баалуулуктар менен азыктандырууда чыгармачылык ишмердүүлүктө эмгектенип келет. Иш ыргагы орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн кош кабаттуу тарбия уясында 450 бала 12 тайпада билим-тарбия алышат. Ал эми бир тайпа мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан түзүлгөн. Алардын ден соолугун чыңдоо, туура тамактандыруу, көңүлдүү эс алуусун уюштуруу жумуштарын 40 кызматкер аркалайт. Ал эми окутуунун инновациялык табылгаларын чыгармачылык менен колдонуп, заманбап билим-тарбия берүүдө 17 педагогикалык адис эмгектенет. 5 кызматкер — КР билим берүүсүнүн мыктылары.

Албетте, өзгөчө материалдык-техникалык базаны чыңдоо, ар бир бала үчүн ыңгайлуу, жагымдуу шарттарды түзүү — башкы милдет. Бакчада эс алуучу, ойноочу, тамактануучу атайын бөлмөлөр учур талабына төп келген шартта жасалгаланган. Сырттагы аянтчабыз спорттук жабдуулар менен жабдылып, айланасына бак-дарактар отургузулган. Кааналарда 2 компьютер жана ар бир тайпада түстүү сыналгы коюлуп, интернет булактарына туташтырылган. Анда санариптик технологияны колдонуу менен балдар үчүн керектүү маалыматтарды көрсөтүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Балдардын дүйнө таанымын арттырууга, сүйлөө кебин өнүктүрүүгө, улуттук руханий баалуулуктарды билүүгө багытталган жумуштар арбын. «Ата -бабалар мурасы», «Манас», «Жаш кол өнөрчүлөр» жана башка бурчтардагы жасалгаларда этнопедагогикалык, этномаданий түшүнүктөр камтылуу менен эстетикалык табит арттыруучу жагдайлар арбын. Сабак өтүү процессинде түрдүү максаттарда дидактикалык материалдарды колдонууга толук шарттар түзүлгөн. Райондо, облуста болуп жаткан түрдүү иш-чараларга бала бакчабыздын жамааты дайыма катышып келет. Ар түрдүү сынактарда байгелүү орундар да колдон түшпөйт. Аракеттен берекет жаралат тура. Мындай ишмердүүлүгүбүздөн улам 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Жылдын мыкты бала бакчасы» аталдык.

Албетте, бул ийгилик — жамааттымдын эмгеги. Менин бир канатым — балдар, экинчи канатым — жамаатым. Кош кабаттуу имаратта кош канаттуу чыгармачылык жаратымдар жаралып турат. Биз сыймыктанган Марина Рыбальченко, Гульнара Никольская, Светлана Мамыкеева, Светлана Пиндрюрина жана Флюра Яппарова өңдүү алдыңкылар жаштарга үлгү. Алар ар бир сабак, өтүлгөн иш-чара жакшы чыгарма жаратканга тете экендигин баса белгилеп, өздөрүнүн бай тажрыйбалары менен бөлүшүп келишет. Балалыктын өлкөсү болгон бала бакчабызда жаралып жаткан ийгиликтердин сыры — талбай чыгармачылык менен иштөөдө.

Изденүүдөн ийгилик жаралат дешет. Ырас, туура багыт, план менен изденүү, алдыңкы педагогикалык-методикалык жаңылыктарды издөө, топтоо, жайылтуу, маалымат каражаттарына жеткирүү, түрдүү формаларда баарлашуу зарыл. Ата-эне, коомчулук жана бала бакча үчилтигинин биримдүүлүгүн, бүтүндүүлүгүн, максаттуулугун чыңдоо зарыл. Бул багытта жергиликтүү бийлик, райондук билим берүү бөлүмү, ата-энелер менен кызматташтыкты түзүүдө бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатат. «Бардыгы — балдар үчүн» деген урааныбыз дайыма жүрөктө жашап, иш-аракетибизде өзүнүн жемиштүүлүгүн арттырууда.

«Таанып-билүү жана сүйлөө кебин өстүрүү ишмердүүлүгү»

Жакында бала бакчабызда «Мектепке чейинки балдардын таанып-билүү жана сүйлөө кебин өстүрүү» деген темада бала бакча башчыларынын райондук семинары болуп өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Элмира Султанкулова жана райондогу 30 бала бакчанын жетекчилери катышты. Алгач бакчанын материалдык-техникалык базасы менен таанышышты. Андан соң тарбиячылардын ачык сабактарына катышышты. Мен балдардын таанып-билүү жана сүйлөө кебин өстүрүүдөгү актуалдуу маселелер боюнча баяндама окуп, анда учурдун көйгөйлүү маселелерине токтолдум.

Балдардын аң-сезимин өнүктүрүү, таанып-билүү жана сүйлөө кебин өстүрүү — мектепке чейинки билим берүү педагогикасында негизги маселелердин бири. Ырас, турмуш тастыктаганда, үйдө балдарга жеткиликтүү көңүл бурулбай келүүдө. Сыналгынын жанынан чыкпай, ата- энесинин чөнтөк телефонунан баш көтөрбөй, жаш өзгөчөлүгүнө туура келбесе да, түрдүү маалымат булактарын көрүп күн кечиришет. Албетте, бардык үй-бүлө ушундай жагдайды чагылдырат деген ойдон алысмын. Бирок билим булагы болгон китеп окуу, улуу ойлордун уютмасы — «Манас» эпосун окуу, ата-бабалардын накыл сөздөрүн жүрөккө уялатуу четке кагылып барат.

Семинардын соңунда Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Элмира Султанкулова жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, билим берүүнүн илимийлүүлүгүнө, системалуулугуна, жеткиликтүүлүгүнө жана санариптик технологияларды колдоно билүү чеберчилигине токтолду. Ошондой эле жаңы табылгаларды бардык бала бакчаларга теориялык-практикалык бүтүндүүлүгүн сактоо менен жайылтуу зарылчылдыгын белгиледи. Катышуучуларга балдарыбыз, тарбиячылар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

2018-жылдагы мыкты бала бакчанын башчысы, КР билим берүүсүнүн отличниги Жаңыл Үркүнова бала бакчадагы бардык ийгиликтерди жамаатынын жетишкендиги экендигин белгилейт. Анын педагогикалык ишмердүүлүгү жана чыгармачылык жөндөмдүүлүгү, бактылуу үй-бүлөнүн сүйүктүү апасы экендиги көптөгөн маалымат каражаттарында чагылдырылып келет. Тактап айтканда, Аялдар конгресси тарабынан чыгарылган «Женщины Кыргызстана», Чүй облусундагы алдыңкы билим берүү кызматкерлерин камтыган «Асыл агартуучу» китептеринде анын ишмердүүлүгү баяндалган. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин «Кут Билим» гезитине анын иш тажрыйбалары жайылтылып турат.

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up