Чоң-Алайдагы кыргыз тилчи мугалимдер Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата адабий-музыкалык кече өткөрүштү (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Чоң-Алай районундагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген кыргыз тили жана адабияты мугалимдери «Айтматов жана кыргыз тили» деген темада адабий музыкалык кече өткөрүштү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Кеченин максаты — Айтматовдун ааламын даңазалоо жана кыргыз тилинин келечеги үчүн кам көрүү.

Иш-чаранын алкагында көркөм окуулар, монологдор, ыр-бийлер аткарылды. Ошондой эле Ч.Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» чыгармасындагы Кирскинин монологун Ак-Суу орто мектебинин 9-классынын окуучусу Абдилазиз кызы Тянур аткарып берди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up