Бишкекте Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча сынак өткөрүлөт

Билим АКИpress - 2019-жылдын 15-декабрында улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Сынак Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, «Ыйык Ата Журт» коомдук фонду жана «Оку» басма үйү менен биргеликте уюштурулуп жатат.

Жазуучунун «Кылым карытар бир күн», «И дольше века длится день», «Ак кеме» чыгармалары боюнча сынакка үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрынан 5-декабрына чейин каттоо жүрүп, «Канткенде адам уулу адам болот?» деген ураан менен жазуучунун чыгармалары боюнча балдар жана жаштар арасында китеп окууга кызыгууну арттыруу жана Айтматовдун чыгармачылыгын жайылтуу максатында «Оку» долбоору старт алган.

Бул сынакка республиканын бардык аймактары боюнча 7 миң 500дөн ашык катталуу келип түшкөн. Кыргызстандын бардык аймактарында, жети дубандын борборлорунда сынак өткөрүлүп, Бишкек шаарында «Ак Кеме» китеби боюнча Эл аралык инновациялык технологиялар университети, К.Карасаев атындагы БМУ жана «Кылым карытар бир күн» чыгармасы боюнча Эл аралык «Ала-Тоо» университети менен Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжи «И дольше века длиься день» китеби боюнча И.Арабаев атындагы КМУда өткөрүлмөкчү.

Сынак тест түрүндө жүргүзүлүп, 1 саат 40 мүнөт убакыт берилет. Сынактын жыйынтыгы элге ачык жарыяланат. Байге фонду 300 миң сомду түзөт.

Сынактын расмий ачылышы Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде болот.

Сынактын жыйынтыгы өткөрүлгөн күндөн тартып, бир жуманын ичинде жарыяланып, www.oku.biz.kg сайтына жайгаштырылат.

Сыйлыктар 21-декабрь күнү К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторясында
салтанаттуу аземде тапшырылат.

Сынактын байгелери:

«Кылым карытар бир күн»

1-орун – 50 миң сом;
2-орун – 30 миң сом;
3-орун – 20 миң сом;
4-10-орундарга кызыктыруучу сыйлыктар.

«И дольше века длится день»

1-орун – 50 миң сом;
2-орун – 30 миң сом;
3-орун – 20 миң сом;
4-10-орундарга кызыктыруучу сыйлыктар.

«Ак кеме»

1-орун – 30 миң сом;
2-орун – 20 миң сом;
3-орун – 10 миң сом;
4-10-орундарга кызыктыруучу сыйлыктар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up