ИИМдин жектекчилиги ИИМ Академиясында кайгуул кызматына сынактан өткөндөрдүн даярдыгын көрүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 13-декабрында ИИМ Академиясына пресс-тур уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги А.Орозалиев, ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Н.Сатыбалдиев, ИИМ Академиясынын башчысы, милициянын полковниги А.Бийбосунов, ИИМ Академиясынын башчысынын орун басарлары, кызматкерлери жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар окуу жана атайын класстарда өтүп жаткан сабактарга киришип, спорт аянтчасындагы күжүрмөн даярдыктар, ок атуу боюнча практикалык сабактардын жүрүшү менен таанышышты. Ошондой эле Криминалисттик полигондо өтүп жаткан лекцияга катышып, курал-жарак музейиндеги жана патрулдук милициянын атайын жабдылган автоунаасы боюнча сабактын жүрүшүнө күбө болушту.

Пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгын түзүү жана алардын кызматкерлерин сапаттуу окутууга мамлекет башчысы менен Ички иштер министрлиги тарабынан өзгөчө көңүл бурулган.

Сынактык тандоонун экинчи этабына дагы ошол эле комиссиянын өкүлдөрү, ИИОнун бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун башчысы Т.Ибраимовдун төрагалыгы алдында комиссиянын курамында көз карандысыз эксперт А.Акинеев, «За реформы и результат» жарандык союзунун координациялык кеңешинин мүчөсү Ф.Шайхутдинов, «Тилектеш Атуул» коомдук уюмунун жетекчиси Р.Ильясов жана «Жол коопсуздугу» коомдук уюмунун жетекчиси Ч.Касмамбетова, «Борбор Азиядагы кылмыштуу жол менен келген кирешелерди адалдаштыруу жана коррупция көйгөйлөрүн изилдөө институту» коомдук фондунун башчысы Э.Мамбеталиева, «Жарандык союз» коомдук бирикмесинин башчысы У.Казакбаев тартылган.

2019-жылдын 22-июлунан 1-октябрына чейин кайрадан түзүлгөн милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери окуудан өткөрүлүп, 279 угуучунун ичининен 261 талапкер окууну ийгиликтүү аякташты. 2019-жылдын 7-октябрынан бери сынактын экинчи турунан өткөн 235 киши окуп жатат.

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерин окутууда чет өлкөнүн, тагыраак айтканда Грузиянын жана Эстониянын алдыңкы тажырыйбалары колдонулуп жатат. Сабакта адамдардын укуктарын коргоо жана дискриминациянын бардык формалары менен күрөшүү, адамдар менен пикир алышууда кызматкерлердин коммуникативдик көндүмдөрүнө, мамлекет кызматкерлеринин өзүн алып жүрүү нормаларын үйрөнүүгө жана ошондой эле Кыргыз Республиксынын мыйзамдарына өзгөчө көңүл бурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up