Нарындагы А.Жутакеев мектебинин мугалимдери мүмкүнчүлүгү чектелгендерге сый көрсөтүштү

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектебинин мугалимдери майыптар күнүнүн урматына айылда жашаган жана мектепте окуган мүмкүнчүлүгү чектелгендерге сый тамак уюштуруп, белектерди тапшырышты. Бул тууралуу мектеп директору Майрамкүл Мусаева аймактык кабарчыга билдирди.

Учурда мектепте 10 мүмкүнчүлүгү чектелген бала окуйт. Мектеп администрациясы тарабынан алардын билим алуусуна кам көрүлүп, бардык шарттар түзүлгөн. Алардын коомдук иштерге катышуусу көзөмөлгө алынып, жеткиликтүү билим алуусуна шарт түзүлгөн. Алар кол өнөрчүлөр тарабынан окуу куралдары жана кийим-кечектер менен камсыз болуп турат.

Бир айлык акциянын алкагында ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген балага акчалай жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле мектептин өнөрпоз окуучулары чакан программадагы концерт тартуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up