Аламүдүндөгү Б.Бейшеналиева мектебинде Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата иш-чара өттү

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде Улуттук адабият күнүнө жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» деген темада райондук иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага «Мерсико» уюмунун сабаттуулук боюнча адиси Асылгүл Токторбаева, Т.Актанов мектебинин, Турсуматова атындагы Бер-Булак орто мектебинен башталгыч класстарынын мугалимдери, ата-энелер, окуучулар жана Бейшеналиева мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери, окуучулар катышты.

«Азыркы мезгилде жаш балдар деле, ата-энелер деле телефон колдонуп, китепке, өзгөчө көркөм китептерди окуганга кызыкдар эмес. Ошондуктан бул семинар-фестивальдын максаты — окуучуларды ата-энелери менен биргеликте китеп окууга кызыктыруу, үндөө болуп эсептелет», - дешет мугалимдер.

Семинар-фестиваль Б.Бейшеналиева мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери тарабынан даярдалып, окуучулардын жана ата-энелердин активдүү катышуусу менен өттү. Анда Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу, сахналаштырылган үзүндүрлөр көрсөтүлдү. Ар бир мектеп даярдап келген сүрөт, кийизден жасалган балдардын колунан чыккан буюмдардын көргөзмөлөрү болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up