Токмоктогу лицейдин ата-энелери сый тамак үстүндө чогулуп, пландарды талкуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ж.Баласагын атындагы лицейдин ата-энелер комитети сый тамак үстүндө чогулушуп, бир жылда жасалуучу иштер боюнча талкуу жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган лицейден аймактык кабарчыга билдиришти.

«Комитетте 26 ата-эне бар. Алар чогулуп, Бишкектеги кафелердин биринде сый дасторкондун үстүндө келерки жылдын пландарын түздүк. Жолугушууда ата-энелерибиз менен окуу жылында өткөрүлө турган иш-чараларды талкуулап, мектептин ата-энелер комитетинин төрагасын шайладык» - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up