Аламүдүндөгү «Назик» бала бакчасы республикалык «Бөбөк сенин жомогуң» сынагында 3-орунду ээледи (сүрөт)

Билим АКИpress - Аламүдүн районунун Арашан айылындагы «Назик» бала бакчасы «Бөбөк сенин жомогуң» аттуу республикалык кароо-сынакта 3-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын башчысы Чолпон Тентимишева билдирди.

Анын айтымында, кароо-сынак КРнын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын жыйынтыктоо максатында бала бакчалар арасында өткөрүлгөн. Сынакка республиканын бардык облустарынан талапкер болгон бала бакчалар катышты. Ал Билим берүү жана илим министрлиги менен КТРКнын «Баластан» студиясы тарабынан уюштурулган.

«Сынакта «Назик» бала бакчасынын катышуучулары «Акылдуу бала» кыргыз эл жомогун тандап алышкан. Анын сценарийин тарбиячы Сайкал Мурзакматова түзүп, бакчанын башчысы Чынара Ташмаматова тарабынан жетекчиликке алынган. Алгач райондо, облуста каралып, сынактын республикалык этабына сунушталган. Жомоктун идеялык маанисинде ууру атасы баласын өз кесибине үндөйт. Бирок акылдуу бала ак мээнет менен жашоонун бакубаттуулугун көрсөтөт. Негизги максат — жомок аркылуу уурулуктун кылмыш экендигин, адамдык асыл сапатка төп келбегенин көрсөтүү эле. Жомокту сахналаштыруу менен учурдагы коомдук айрым терс көрүнүштү ачуу, ыймандуулук, гумандуулук, маңдай тер менен табылган ак мээнеттин акыбеттүүлүгү ачыкталды. Негизги идея — коррупцияга каршы жомок аркылуу жан дүйнөнү ойготуу болгон.

Бул жомокту 56 жаштагы Бейшен Тойгомбаев өз уулу — 3 жаштагы Амантур менен аткарган. Бейшен мырза айылда мал чарбачылыгы менен алектенген адам. Ал эми 3 жаштагы уулу Амантур — бакчанын тарбиялануучусу. Сахнада алар каармандардын образын жеткиликтүү ачып берди. Кароо-сынакта республикада 3-орунга татыктуу болуп, Билим берүү жана илим министрлигинин диплому жана баалуу белектер менен сыйланышты», - деди Ч.Тентимишова.

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up