Мугалимдик кесиптин кыйынчылыктарынан коркпой, анын башка кесиптен өзгөчө экенин сезүү керек, - мугалим А.Узекеева

Айзада Узекеева
Айзада Узекеева

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда агартуучулуктун түйшүктүү жумушун аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз —Узекеева Айзада Аалыевна. Ал Бишкек шаарындагы №62 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясынын орус класстарына кыргыз тили сабагынан берет.

Каарманыбыз Кемин районуна караштуу Бейшеке айылында 1981-жылдын 21-январында төрөлгөн.

«Билим берүү тармагында 16 жылдан бери иштеп келе жатам. Кудайга шүгүр, эмгек жолумда бир топ сыйлыктарга татыдым. Бишкек шаарындагы Октябрь райондук акимиаттын, билим берүү башкармалыгынын грамоталары менен сыйланып келем. Башка улуттун балдары көп эле учурда «кыргыз тили бизге кереги жок» дешет. Аларды кыргыз тилине кызыктуу оорчулукка турат. Ага карабай, болгон аракетимди жумшап, башка улуттун балдарына кыргыз тилин үйрөнүп кетүүсүнө, кызыгуусуна бардык күчүмдү жумшайм. Азыркы жаштарга да айтар элем, биз өзүбүздүн тилди биринчи сыйласак, анан башкалар дагы сыйлайт. Ошондой эле мугалим болом деген окуучуларга айтарым, мугалимдик кесиптин кыйынчылыктарынан коркпой, анын башка кесиптен өзгөчө экенин сезип, жан дүйнөӊөр менен иштеп кетүүгө белсенгиле», - деди ал.

А.Узекеева 1998-жылы Бишкек шаарындагы №67 мектепти аяктаган.

«Мектепти бүткөн соӊ Бишкек гуманитардык университетинин түркология жана эл аралык мамилелер факультетине тапшырып, аны 2003-жылы ийгиликтүү аяктап алдым. Негизи ар улуттун тилдерине кызыкчумун. Окуу жайын бүтүп, мектепке жумушка орношорум менен, дароо чоӊ масштабдагы шаар мугалимдерине ачык сабак көрсөт дешти. Ачык сабакта толкунданып, сүрдөгөнүмөн адамдардын бети көрүнбөй, көз алдымда баары тумандай болуп, 20 мүнөттүк сабак бир жылдай сезилген», - деп айтып берди ал.

Ардактуу мугалим үй-бүлөлүү, 3 кыздын апасы.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up