«Бакчадагы балдар — менин жердеги жандуу гүлдөрүм», - Чүйдөгү эң мыкты бала бакчанын башчысы Г.Мамырбаева

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда агартуу тармагында жаралып жаткан окутуунун инновациялык табылгалары, билим берүүнүн жаңы технологияларын колдонуп жаткан алдыңкы кызматкерлер жөнүндө сөз болот.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Чүй облусундагы «Жылдын мыкты бала бакчасы-2019» сынагынын жеңүүчүсү, Кара-Балта шаарындагы «Нур бешик» бала бакчасынын башчысы, КР билим берүүсүнүн отличниги Гүлнар Мамырбаева. Ал мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги актуалдуу маселелер, бакчада жүргүзүлүп жаткан иштер жана анда өтүлгөн тарбиячылардын райондук семинары жөнүндө ой бөлүшөт.

«Бакча жакшысы — бала бактысы»

Жашоодо «Балдар — биздин келечегибиз!», «Бардыгы балдар үчүн!» деген сыяктуу маанай жаркыткан чакырыктар менен жашап келебиз. Ал сөздөрдү көрнөктөргө жазып, туу тутабыз. Бирок ушул маанилүү маселени улуу муундар өз деңгээлинде чечип жатабызбы? Ушундай ойлор дайыма жүрөгүмдө жашап келет. Өзүмө өзүм суроо салып, түйүндөрүн чечмелөөгө ашыгам. Бала бакча көз алдыма тартылганда балдардын күлкүсү жаңырып турушун тилейм. Алардын балалык доорун бакытка бөлөгүм келет. Жакшы шарттарды түзүү зарылчылыгын жан дүйнөмө түнөтөм.

Бакчабыз болгону 5 жашта. Кыска убакытта көптөгөн ийгиликтерди жарата алдык. Кош кабаттуу тарбия уясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого коомчулук, жергиликтүү бийлик, райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте болгон аракетибизди жумшадык. Учурда балдар үчүн эс алуучу, ойноочу, тамактануучу, уктоочу жайлар заманбап жабдуулар менен жабдылган. Дидактикалык материалдарга бай бөлмөлөрүбүз техникалык каражаттары менен камсыздалган. Тарбиячылар ар бир өтүлгөн сабакта санариптик технологияны колдонуп, билим берүүнүн жаңы инновациялык ыкмаларын пайдаланышат.

Ал эми бакча сыртындагы аянтчада тигилген арча, түрдүү бак-дарактар, кооз гүлдөр күн санап бакчаны көрккө бөлөп өсүүдө. Алардын арасындагы балдар ойноочу, эс алуучу жайларда тиешелүү спорттук жабдуулар коюлган. Оюн аркылуу баланын ишмердүүлүгүн арттырууга басым жасалат. Алардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү, сөз байлыгын арттыруу, дүйнө таанымын кеңейтүү башкы пландарга коюлат. Ырас, ааламга кеткен жол айылдан башталат эмеспи. Иш ыргагы орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн бакчабызда көп улуттуу 407 бала тарбияланат. Анда 36 кызматкер эмгектенет. 15 педагог-тарбиячылардын бешөө — билим берүүнүн отличниктери. Тарбиячылар 3 багытта иш жүргүзүшөт:

1. Балдар менен иштөө;
2. Ата-энелер менен иштөө;
3. Өз билимин өркүндөтүү.

Аталган 3 багыт өз алдынча бөтөнчөлүктөргө ээ болгону менен, балдарга жеткиликтүү билим-тарбия берүү максаттарын көздөйт. Башкача айтканда, бир ой бир түйүнгө байланат. Бакчабызда этнопедагогика, этномаданий түшүнүктөрдү калыптандыруу — негизги маселелердин бири. Ошондон улам «Улуттук каада-салт» бөлмөсүн түптөдүк. Элибиздин үрп-адаттарын, жөрөлгөлөрүн, нарктуу акыл-насааттарын жаш муундардын жүрөгүнө уялатууну бакчадан баштоо турмуш зарылчылыгы экенин ачыктайбыз. Өз ишмердүүлүгүбүздө ата-эне, коомчулук, бакча байланыштарын чыңдоодо аракет жогору. Райондо, облуста өтүлүүчү түрдүү кароо-сынактардын активдүү катышуучусубуз. Ошондон улам эмгегибиз жогору бааланып, «Чүй облусунун мыкты бала бакчасы» аталдык. Сыймык жүзү болгон дипломду билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өзү тапшырган.

«Кесиптик компетенттүүлүк — сапаттуу билимдин ачкычы»

Балдар дүйнөсүн ачуу, өздүк «МЕНин» таанытуу — педагогика илиминин негизги борбору. Ал окутуунун кандай каражаттары, механизмдери болбосун балага басым жасалууга тийиш. Ушундай түйүндүү маселелерди чечүүдө семинар, тренинг, тегерек столдо баарлашуу, конференция ж.б. формаларда иш-аракеттер жүргүзүлүп келет.

Жакында бакчада «Балдардын жөнөкөй математикалык түшүнүктөрүн калыптандыруунун мисалында тарбиячылардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу» деген темада райондук семинар болуп өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук бөлүмүнүн усулчусу Загира Асанбаева жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары катышты. Анда алдыңкы тарбиячылар Ольга Пасечникова жана Айгүл Аракеева инновациялык ыкмаларды колдонуу менен көргөзмөлүү ачык сабактарды өтүштү. Анда мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн көрсөтүү менен окутуунун турмуш менен байланышы чагылдырылды. Санариптик технологияларды колдонуу менен жаңы түшүнүктөрдү кабылдатууда чыгармачылык жолдор иликтенди. Ошондой эле катышуучуларды иш кагаздар менен тааныштырдык. Тарбиячылардын жеке портфолиосу аркылуу жалпы мүнөзгө ээ болгон иш тажрыйбанын топтомдору көрсөтүлдү.

Аларды төмөнкү баскычтарга бөлүүгө болот:

1. Тайпа же топтун паспорту — аталышы, чакырыгы, тизмеси, сүрөт жана баланын портфолиосу;

2. Балдардын мониторинги — өздөштүрүү мониторинги жана анын материалдарынын топтому.

3. Ден соолукту чыңдоо программасы — ден соолук баракчасы, күн тартиби, кыймылдык активдүүлүк тартиби;

4. Сабактын алдын алуу мерчеми — ар бир сабак боюнча өз алдынча схема, колдонулган программалардын тизмеси.

5. Календардык план — балдардын тизмеси, күн тартибинин пландаштырылышы, өнүктүрүүчү борборун уюштуруу, усулдук камсыздоо, оюндарды уюштуруу, балдар менен өз алдынча иштөө;

6. Балдардын катышуусун каттоо — балдардын тизмеси, табелдик номур, айлык төлөм;

7. Өмүрдүн коопсуздук негиздери жана жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча көрсөтмө берүү — бул багытта өтүлгөн сабактардын иштелмелери, ата-эненин кол тамгасы;

8. Ата-энелер менен иштөө — жылдык план, ата-энелер жөнүндө маалымат, өз алдынча иштөө жана өтүлгөн жыйындардын иш кагаздары;

9. Тарбиячылар менен адистердин өз ара кызматташтыгы — сабактарга жана тарбиялык иштерге катышуу, кошумча иш-чаралар, 3-жактагы келишим;

10. Эмгекти коргоо боюнча көрсөтмө — тийиштүү иш кагаздары;

11. Тарбиячынын портфолиосу — бакчанын, тарбиячынын максаттары, сүрөтү, документтердин көчүрмөсү, билимин жогорулатуу, усулдук жыйнактар, педагогикалык-методикалык чыгармачылык отчет, тарбиячынын кызматтык нускасы.

Жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздары өз алдынча топтолуп, улам кошумчаланып туруусу шарт. Андагы ишмердүүлүктүн бардык кыймыл-аракети балага багытталуусу керек экени баса белгиленди. Семинарда жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү аң-сезимге кабылдатуудагы, кесиптик компетенттүүлүктүн окутуудагы орду аныкталды.

«Менин педагогикалык философиям»

Бакчага байланган өмүрдө балдар дүйнөсү менен жашоо — жашоомдун негизги педагогикалык философиясына айланды. Улуу педагогдордун иш тажрыйбасын үйрөнүү менен элдик салттуу тарбиялоону туу тутам. Мен үчүн ар бир бала — сырдуу дүйнө. Анын жанына канчалык жакындаган сайын, ошончолук ички дүйнөсү ачылып барат. Алардын оюну, күлкүсү, бал тили өзүнө тартып турат. Бирок толук ички дүйнөсүн ачып, аны менен жашоо көптөгөн билимди, изденүүнү, эмгекти талап кылары белгилүү.

«Нур бешик» бала бакчасы — атына заты төп келген тарбия уясы. Баса, бакчадагы «Элдик каада-салт» бөлмөсүнө өзүм, бир туугандарым, балдарым жаткан бешикти жасалгасы менен алып келип койгом. Ал мага апамдан калган таберик. Бакчамдын аты «Нур бешик» болгон соң көктө күндүн нуру чачырап, мээримин төгүп турса, ал эми кут тартуулаган бешик символикалык белгидей сезилсин дегеним. Аны көрүп, кармаган сайын балалыгым, ата-энем эске түшөт. Ушул бешиктей ар бирибиз бакчага өзгөчө маани берүү менен мамиле жасообуз зарыл. Ошондуктан бакча — менин жашоом. Менин педагогикалык философиямдын уюткусу ушундан башталат.

Бакчадагы балдар — менин жердеги жандуу гүлдөрүм. Алардын жыты, ар түрдүүлүгү — турмушумдун бүтпөс поэмасы.

Маалымат алган: КРнын Билим берүүсүнүн отличниги ИБРАИМ ЧОТОВ

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up