Мугалимдер.kg: 50 жылдай өмүрүн билим берүү жана илим тармагына арнаган окумуштуу Бүшарипа Үкүева (сүрөт)

Бүшарипа Үкүева — көрүнүктүү окумуштуу, үлгүлүү устат. Ал 50 жылдай өмүрүн билим берүү жана илим тармагына арнады. Анын өмүрү, эмгектери тууралуу студенти айтып берди.

Аялзаты — бул ааламдын жарык шамы, аруулукту жана мээримдүүлүктү дүйнөгө чачып турчу Жараткандын сүйүктүүсү. Аялзатынын бул дүйнөдөгү негизги озуйпасы — адам баласын тарбиялоо, анын аң-сезимин, ички потенциалын жана адамдык нарк-насилин калыптандыруу.

Арийне, мына ушундай жооптуу милдеттенмелерди мойнуна алып жана аны аткара билген аялзатына миң ирет алкыш-мактоо айтсак да аздык кылар... Ошол тарбия процессин илимий тилде түшүндүрүп, айкындап жана анын тереңдигин изилдеген окумуштуу айымдарыбыз коомчулукта сейрек кездешет.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Үкүева Бүшарипа Кожояровна — илимдеги тарбия маселесин изилдеп келе жаткан көрүнүктүү окумуштуу устаттарыбыздын бири. 50 жылга жакын өмүрүн илимге арнап, илимдин деми жана азыгы менен жашап келген Бүшарипа Кожояровна 1949-жылы 20 сентябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кош-Этер айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы — Үкү Кожояров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Согуштан кийин Ош обкомунун мамлекеттик коопсуздук комитетинде эмгектенсе, апасы Сарабү Тажибекова арабдашкан кыргыз алфавитин тааныган советтик жана партиялык кызматтарда такшалган аял болгон.

Б.Үкүева 7 жашында Өзгөндүн Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы 8 жылдык мектепти 1964-жылы ийгиликтүү аяктап, тогузунчу класстан баштап Ош шаарындагы кыздар орто мектебин (азыркы У.Салиева атындагы зээндүү балдар мектеби) 1967-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде кыргыз тили жана адабияты адистигин окуп баштап, 1972-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү аяктаган.

Окууну мыкты бүтүргөн соң Бүшарипа Кожояровна педагогикалык ишмердүүлүгүн баштаган. Алгач, 1972-1981-жылдар аралыгында Ноокен, Базар-Коргон райондорунун бир нече мектептеринде эмгектенген. 1981-жылы тажрыйбасын тереңдетүү максатында Ош педагогикалык институтунун кыргыз адабияты кафедрасына лаборант, кийинчерээк окутуучук кызматтарда жигердүү эмгектенсе, 1983-1987-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин күндүзгү аспирантурасында илимий-изилдөөчүлүк иштери менен алектенген. 1988-жылдын 21-ноябрында ОшПИнин кыргыз адабияты кафедрасына окутуучу болуп орношкон. 1980-жылдардын аягынан 1990-жылдардын башына чейин бир нече теле-радиолордо берүүлөрдү алып барып, уктурууларды уюштуруп, журналистика тармагында өзүнүн ордун көрсөткөн. 1994-жылы анын акыбети кайтып, Кыргызстан журналисттер кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1994-жылы «Улук окутуучу» наамына жетсе, 1995-жылы «Филология илимдеринин кандидаты» окумуштуулук даражасын алган. 1998-жылы кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары, 2001-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы кызматтарында жемиштүү эмгектенсе, 2009-жылдан азыркы күнгө дейре ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинде кызмат кылып келүүдө. 2001-жылдан 2009-жылга чейин Кыргыз-Өзбек университетинде аткарылган жетекчилик жана илимий-педагогикалык ишмердиги жогору бааланып, 2004-жылы «Мыкты кандидат», 2005-жылы «Мыкты доцент», 2007-жылы «Мыкты профессор», 2008-жылы «Мыкты докторант» сыяктуу номинацияларга татыган. Ал эми 2007-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин «Ардактуу профессору» наамына арзыган. 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» мамлекеттик сыйлыгына ээ болсо, 2013-жылдан тарта Кыргызстан Улуттук жазуучулар кеңешинин мүчөсү, Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин мүчөсү.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган «Дени сак муун — таза коомдун тиреги» аттуу 7-илимий симпозиумдун делегаты болду. 2014-жылы Кыргыз Билим берүү академиясынын алдында педагогика илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеевдин илимий жетекчилигинин астында «Жогорку окуу жайларда студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуунун илимий методикалык негиздери» деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

Өмүрүнүн тең жарымын билим берүүгө, илимге арнаган Бүшарипа Үкүева 200дөн ашуун илимий макалалардын, ЖОЖдор үчүн 4 окуу программасынын, мектептер үчүн 4 окуу китебинин, 16дан ашык окуу-усулдук колдонмолордун, ЖОЖдор үчүн 6 окуу куралынын жана 2 монографиянын автору. Ал эми илимий чөйрөдө Бүшарипа Кожояровнанын жетекчилиги астында 1 кандидаттык диссертация жемиштүү корголгон. Азыркы мезгилде 2 кандидаттык диссертациянын үстүнөн жана бир нече аспиранттар, магистранттар менен тыгыз иш алып барууда. Бүшарипа Үкүеванын негизги илимий эмгектерине төмөнкүлөр кирет:

- 5-класстар үчүн адабий-көркөм окуулар (1-2-бөлүк);

- «Окуу хрестоматиясы» (Ош, 1998);

- 5-6-класстар үчүн Өзбекстандагы кыргыз мектептери үчүн окуу куралы (Ташкент, 2000);

- «Түрк элдер адабияты» ЖОЖдордун окутуучулары, студенттери үчүн окуу куралы (Ош, 2005);

- «20-кылымга чейинки жазма адабият ЖОЖдордун окутуучулары, студенттери үчүн окуу куралы (Ош, 2005);

- «Манас таануу» ЖОЖдордун окутуучулары, студенттери, орто мектептин мугалимдери жана окуучулары үчүн окуу куралы (Бишкек, 2013);

- «Жогорку окуу жайларында студенттердин чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуунун илимий методикалык негиздери» ЖОЖдордун окутуучулары, студенттери, мектептин мугалимдери үчүн окуу куралы (Бишкек, 2014);

- «Манас таануу» ЖОЖдордун окутуучулары, студенттери жана орто мектептин мугалимдери, окуучулары үчүн окуу куралы (Ош, 2014) ж.б.

Илимий ишмердүүлүгү жана жетекчилик иш-аракеттери мамлекет тарабынан жогору бааланып, Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасына, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2-даражадагы дипломуна, КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин алкыш баракчасына, ОшМУнун, Ош облустук администрациясынын, Кыргыз-Өзбек университетинин көптөгөн ардак грамоталарына жана ардактуу сыйлыктарына ээ болгон. Мындан тышкары, 2013-жылы «Кыргыз тили», 2014-жылы «ОшМУнун билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер», 2017-жылы «Ак элечек Даткайым» төш белгилери менен сыйланган.

2018-жылдын 21-24-май күндөрү Москва шаарында өткөн 37-эл аралык окуу-методикалык басылмалардын көргөзмөсүндө Бүшарипа Үкүеванын «Научно-методические основы повышения творческой активности студентов в высших учебных заведениях» аттуу монографиясы коюлган. Көргөзмөгө коюлган жалпы илимий эмгектер, Испаниянын Барселона шаарындагы өткөрүлгөн Эл аралык билим салонундагы китеп көргөзмөсүнө жана Нью-Йорк шаарындагы илимий-методикалык басылмалардын көргөзмөсүнө сунушталган. Жогорудагы эмгектерин, жүргүзгөн илимий-педагогикалык тажрыйбасын баалоо максатында Россия президентине караштуу Табият таануу академиясы тарабынан М.В.Ломоносов атындагы алтын медаль жана сертификат ыйгарылган.

Жазган: ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин студенти ИСХАК ЭГЕМНАЗАРОВ

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up