Кыргызстандык мугалимдер Казакстандагы эл аралык сынакта 3 медаль утушту

Билим АКИpress - Кыргызстандык мугалимдер математика, физика жана информатика боюнча мугалимдердин жана олимпиадалык резервдин машыктыруучуларынын II эл аралык IMPACT Olympiad ачык чыгармачылык сынагында алтын, күмүш жана коло медалдарга татыктуу болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Сынак 8-12-январь күндөрү Алматы шаарында болуп өттү. Ага КМШ мамлекеттеринин математика, физика жана информатика мугалимдери катышты.

Төрт мугалимден түзүлгөн Кыргызстан командасынан экөө байгелүү орундарды алышты. Бишкектеги Ч.Айтматов лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров коло медаль алса, ушул эле мектептин информатика мугалими Кылычбек Ураимов 1-орунга ээ болуп, алтын медаль утуп алды. Мындан сырткары Бишкектеги «Келечек MIT» мектебинин математика мугалими Махамадхан Ишматов күмүш медаль тагынды.

Мугалимдердин жана машыктыруучулардын бул IMPACT Olympiad чыгармачылык сынагы 2019-жылдын январь айынан бери уюштурулуп келе жатат. Сынактын негизги максаты – таланттуу, кесипкөй көндүмдөрүн оптималдуу түрдө көрсөтмөлүү колдоно билген чыгармачыл мугалимдер менен машыктыруучуларды табуу, колдоо жана сыйлоо болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up