Ж.Чолпонбаев мектебинин окуучулары Нарын облустук сынакта жеңүүчү аталды

Билим АКИpress - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата «Зордук-зомбулукка каршы күрөшөбүз» акциясынын алкагында Нарын облусунда дебат сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка жалпы 18 команда катышкан. Жыйынытында Нарын шаарындагы Жапар Чолпонбаев атындагы орто мектебинин «Дилгир» командасы баш байгени жеңип, 1-даражадагы диплом менен сыйланышты.

«Финалдык оюнда «Дилгир» командасынын мүчөлөрү өз артыкчылыктарын көрсөтүп, жеңүүчү аталды. Эми алар республикалык мелдешке катышат», - деди мектеп директору А.Дыйканбаев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up