Кыргызстан боюнча 2019-жылы 32 мектеп жана 6 бала бакча курулду

Билим АКИpress - Кыргызстан боюнча 2019-жылы 32 мектеп жана 6 бала бакча курулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыркулов 16-январда «Биринчи радионун» түз эфиринде маалымдады.

Ал эми 2018-жылы өлкөдө 68 мектеп жана 6 бала бакча курулган.

«Азыркы учурда ведомство аралык жумушчу топ түзүлүп, аймактардагы акыбалды изилдеп жатат. Жумушчу топтун корутундусунун жыйынтыгы менен өкмөткө конктреттүү сунуштар берилет. Эң биринчи сунуштала турчу маселе — авариялык абалдагы мектептер. Алар быйылкы жылдын тизмесине кириши керек», - деди Кадыркулов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up