Токмок шаардык олимпиадада Ж.Баласагын лицейинин 15 окуучусу алдыңкы орундарды алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Токмок шаарында окуучулардын предметтик олимпиадасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шаардык олимпиаданын жыйынтыгында Жусуп Баласагын атындагы лицейдин 15 окуучусу алдыңкы орундарды алышты.

«Аталган лицейдин окуучулары шаардык олимпиадага катышып, 7 окуучу 1-орунду, 3 окуучу 2-орунду, 5 окуучу 3-орунду ээлеген. Аларга Токмок шаарынын вице-мэри Сергей Ступников белектерин тапшырып, каалоо-тилектерин айтты», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up