Эчки-Башы айылындагы мугалим долбоор жазып, 53 миң сом утуп алды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектепте эмгектенген мугалим Тойчу Кыдыров долбоор жазып, мектепке өз салымын кошту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мугалим долбоор жазып, Бишкектеги «Жашылдандыруу» фондунан 53 миң сом утуп алды. Ал каражатка 5 түп кызыл карагай, 20 түп Тянь-Шань карагайын, 40 түп кайың, 140 түп карагат алып келди.

Мектептин айланасын жашылдандыруу ишине мектеп жамааты, окуучулар активдүү катышууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up