Ак-Суунун Боз-Учук айылында бала бакча маселеси курч

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айылында бала бакча маселеси курч. Бул тууралуу 16-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолугушуу учурунда айтылды.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууда аталган аймактын социалдык-экономикалык абалы талкууга алынып, келечекте жасалуучу иштер тууралуу сөз болду. Жергиликтүү кеңештин депутаты Темирлан Турсунбаев Боз-Учук айылында бала бакча маселеси курч экенин билдирди. Ал эми Д.Жумабеков аталган айылга бала бакча куруу маселесин өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров да катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up