Таластагы Хан Бүргө орто мектебинин мугалимдери окутулду

Билим АКИpress - Бүгүн, 16-январда Талас районунун Чоң-Токой айылындагы Хан Бүргө орто мектебинде мугалимдер үчүн семинар болду. Бул тууралуу мектеп директору Аман Нурдубаев аймактык кабарчыга билдирди.

Мектеп мугалимдери үчүн «Чыгармачыл мугалим» деген темадагы семинар жаңы технологияларды пайдалануу менен балдарга билим берүү боюнча өткөрүлдү.

Иш-чарада Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучулардын ата-энелери менен бирдиктүү максатта иштөө пландары, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн каражаттарды табуу жолдорун кароо максаттары каралды. Азыркы муунду кийинки турмушка даярдоо, айдын аягында электрондук журналга толугу менен өтүп, окуу-тарбия иштеринде алгылыктуу иштерди жасоо керектиги белгиленди.

Алдыда мугалимдердин онлайн режимде иштөөсү боюнча жума сайын окутуулар болору, ошондой эле ата-энелер үчүн да окутуулар жүргүзүлөрү айтылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up