Мугалимдер.kg: Айлыкка акчанын ордуна кездеме, ичимдик алчубуз, - 42 жылдык тажрыйбасы бар С.Жоробаева

Билим АКИpress - Билим АКИpress «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот.

Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт айылынын тургуну Сабира Жоробаева мугалимдик кесипти аркалап келе жатканына 42 жыл болду. Дээрлик жарым кылым убактан бери мугалимдик кесипти жон териси менен сезип, татыктуу аркалап келе жаткан С.Жоробаева быйыл 63 жашта. Ал өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

«Мен 1978-жылдан баштап кол эмгек жана чийүү сабагынан билим бере баштадым. Алгач эле Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндөгү Федеров атындагы орто мектепте иштедим. Аталган мектепте 3 жыл иштегенден кийин Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт айылындагы орто мектепте иштей баштадым. Анткени ошол айылга келин болдум.

1981-жылдан баштап Кара-Сөгөт орто мектебинде кол эмгек жана чийүү сабагынан билим берип, 1987-жылдан баштап башталгыч класстарга сабак бере баштадым. Ошол жылдан ушул күнгө чейин башталгыч класстарды окутам. Өзүм өткөн сабактын базасын дагы да чыңдоо максатында Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинде окуп, аны 2002-жылы бүтүргөм», - деди Жоробаева.

Мугалимдин айтымында, Советтер союзу учурунда мугалимдердин айлыгы жакшы төлөнчү.

«Тактап айтканда, алган айлыгыбыз турмуш-тиричиликке кенен-кесир жетчү. Айылда өзүбүздү өзүбүз каржылап, орто үй-бүлө болдук. Кудайга шүгүр, тапканыбыз жетип турду. Жолдошум экөөбүз тапкан акчабызды чогултуп, үй курганбыз. Кийин СССР ыдырап, Кыргызстан өз алдынча өлкө болгондо бир нече жыл мугалимдер акчалай маяна албай калышты. Акчанын ордуна мамлекет кездеме, спирт ичимдиктерин төлөп жүрдү. Аны алып, азык-түлүккө алмаштырат элек. Биз бул кесипте маяна аз болсо да чыдап, иштеп жүрдүк. А маянага алымсынбаганы чет өлкөлөргө башка жумуштарга кетип калышкан», - деди Жоробаева.

«Дүйнөдөгү улуу инсандарды да мугалим тарбиялаган» дегендей, С.Жоробаева окуткан окуучулардын алдыңкылары министрликте, шоу-бизнес чөйрөсүндө ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет.

«Башталгыч класстын мугалими болуп көп жыл иштегендиктен көп уул-кыздардын биринчи мугалими болдум. Мен окуткан окуучулардын алды министрликтерде, шоу-дүйнөсүндө иштеп жүрүшөт. Аларды сыналгыдан көрүп, «менин эмгегим текке кетпептир» деп өзүмчө кубанып калам. Мугалимдер окуучуларыбыздын ийгилигине кубанабыз, алар ийгиликке жетишсе биз жетишкендей болобуз. Биз мектепке окуучулардын «саламатсызбы, эжеке?» деген сөзү үчүн келебиз. Бул сөздү укканда кадимкидей жан дүйнөм бошоп, үй-бүлө түйшүктөрүн, көйгөйлөрдү унутуп, кадимкидей эс алып калабыз. Мындай сөз үчүн күндөп-түндөп сабак өткөн арзыйт. Адам баласынын, анын ичинде мугалимдин жан дүйнөсү аруу болот. Мугалимге бир ооз жакшы калоо-тилек жетиштүү деп эсептейм. Көп учурда окуучулардын жетишкендиктери үчүн директордон, ата-энелерден мактоолор айтылганы мен үчүн сыймык. Бул сөздөр мени дагы да чыгармачылыкта иштөөгө шыктандырат», - дейт мугалим.

Ал өкмөт мугалимдерге жетишерлик көңүл буруп, айлык маяналарын көтөргөнүн белгилеп, айыл шартында иштеп жаткан мугалимдер үчүн маянанын көбөйүшү кубанычтуу кабар болгонун айтып өттү.

«Мамлекет мугалимдерге көңүл бурбай жатат дегенден такыр алысмын. Өлкөбүз өнүгүүгө кадам таштаган сайын мугалимдердин айлыгы көбөйүп жатат. Айрыкча, айыл шартында иштеген мен сыяктуу мугалимдер үчүн бул чоң кубанычтуу кабар болду. Мисал кылып айтып берейин, менин айлыгым мурун 11 миң сом эле, азыр 20 миң сомго жакын маяна алып жатам. Бир жылдын ичинде эле айлыгыбыз абдан көтөрүлдү. Бул биз үчүн эле эмес, башка мугалимдер үчүн да чоң стимул. Менин билишимче, мугалимдерине биздин акча менен алганда айына 5 миң сом төлөп бере албаган өлкөлөр бар. Ага караганда Кыргызстанда чоң кубанычтуу кабарлар, реформалар болду. Мисалы, азыр 1 жылдын ичинде бир нече жолу жаңы окутуу медотикаларын окуп жатабыз. Бул дагы Билим берүү жана илим министрлигинин жасап жаткан иши да», - деп айтып берди Жоробаева.

Мугалим облустук, райондук, айыл өкмөттүн деңгээлиндеги сыйлыктарды алган.

«Биздин айыл тоолуу. Мен иштеген мектеп өзүнчө башталгыч мектеп болуп, айылдын борборунан кыйла алыста болгондуктан, жаш мугалимдер бизге келе элек. Жаш кадрлар келсе албетте кош колдоп, аларга өткөрүп беребиз», - деди Жоробаева.

Сабира Жоробаева учурда 63 жашта. Жолдошу да мугалим болуп, математиканы окуткан. Учурда пенсияда. Алардын 2 уул, 1 кызы жана 6 небереси бар.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь