Билим берүү уюмдарынын жетекчилери карантин учурунда кандай милдеттерди аткарышы керек?

Билим АКИpress - Бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн каникул убагында коопсуздук чаралары боюнча нускама иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

  • 16-марттан 8-апрелге чейин бардык билим берүү уюмдарында карантин жарыяланган.

Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

- билим берүү уюмдарында жана жатаканаларда санитардык жана эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү;

- күнү-түнү иштеген билим берүү уюмдарында (балдар үйлөрү, жетим балдар үчүн жатак мектептер) температуралык режимди сөзсүз түрдө сактоо, желдетүү жана дезинфекциялоону өткөрүү жана сырттан келгендерди билим берүү уюмдарына киргизбөө;

- окуучуларды билим берүү программаларын өздөштүрүү үчүн аралыктан окутуу формасын уюштуруу;

- өз алдынча билим алуу сабактарын, онлайн-сабактарды, окууга арналган телесабактарды кѳсөтүүнү, адабий китептерди окуу жана электрондук окуу ресурстарын колдонууну уюштуруу;

- жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн окуу-усулдук иштерин уюштуруу;

- жалпы билим берүү уюмдарынын базасында ата-энелерден (жакын туугандары же аларды алмаштыруучулар) жалпы республикалык тестирлөөгө бүтүрүүчүлөрдүн билдирмелерин кабыл алуучу жооптуу адамды дайындап, жекече кабыл алууну уюштуруу.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь