Карантин. Ата-энелер балдарынын ден соолугунун коопсуздугу үчүн эмне кылса болот? (кеңеш)

Билим АКИpress - Жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын ата-энелери үчүн каникул мезгилиндеги коопсуздук чаралары боюнча нускама иштелип чыкты.

Билим берүү жана илим министрлиги балдардын жана жаштардын ден соолугунун коопсуздугун сактоо максатында окуучулардын ата-энелерине төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- балдарга өрт коопсуздугу боюнча эрежелер тууралуу (электр приборлорун жана башка турмуш-тиричилик техникаларын колдонууну) түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- эл көп топтолгон жерлерге (театрлар, кинотеатрлар, оюн-зоок жана соода борборлору) балдардын баруусуна тыюу салуу;

- балдардын коомдук транспорттор менен жүрүүсүн чектөө;

- коомдук тамактануучу (ресторан, кафе ж.б.) оюн-зоок жана бош убакытты өткөрүүчү (компьютердик клубдар ж.б.) жайларга барууга тыюу салуу;

- кошумча билим берүүчү сабактарга (ар кандай билим берүүчү курстар, спорттук секциялар, бий студиялары ж.б.) балдардын баруусун чектөө;

- убакытты туура бөлүштүрүүгө, ошондой эле балдардын гаджеттер (уюлдук телефон, компьютер ж.б.) менен убакыт өткөрүүсүнө үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү;

- балдардын өнүгүүсү жана өз алдынча билим алуусу үчүн билим берүү жана көркөм адабий китептерди окуусун, билим берүүчү телесабактарды көрүүсүн уюштуруу;

- балдар үчүн ден соолукту жакшыртуучу иш-чараларды өткөрүү (витаминдештирүү ж.б.), ошондой эле тамак-аш коопсуздугун сактоо жана үй жаныбарлары менен өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча маалымат берүү;

- коопсуз чөйрөнү камсыздоого багытталган алдын алуу чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүү: идиш-аяктарды сөзсүз жууп-тазалоо жана бөлмөлөрдү вирустуу инфекцияларга каршы эффективдүү дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу менен тазалоо;

- күн сайын балдар менен респиратордук/ вирустуу оорудан сактануунун чаралары жөнүндө аңгемелешүүлөрдү жүргүзүү: колду бат-баттан жуу, коомдук транспортко түшкөндөн кийин, коомдук жерлерден (дүкөн, аптека ж.б.) келгенден кийин дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу (суу майлыктар, антисептиктер ж.б.);

- балдарга кайнатылып бышырылган тамактарды жана жуулган жер-жемиштерди пайдалануу тууралуу маалымат берүү, массалык эл көп топтолгон жерлерде, коомдук жайларда тамактанууга чектөө салуу.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь