Жарандар Билим берүү министрлигине онлайн кайрылса болот

Билим АКИpress - Коронавирустун жайылуу коркунучун алдын алуу жана жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо максатында Билим берүү жана илим министрлиги арыз-кайрылууларды онлайн кабыл алууга өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Аны менен бирге министрлик жарандарга үй шартында эле кайрылуу калтырууну сунуштайт.

Мындан ары жарандар кайрылууларын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан http://kat.edu.gov.kg/ порталы аркылуу онлайн калтырса болот. Ал үчүн жарандар http://kat.edu.gov.kg порталына кирип, министрликтеги тийиштүү бөлүмдү тандап, керектүү бөлүкчөлөрдү толтуруп, билдирүүнү электрондук түрдө жибериши керек.

Арыз же кайрылуулар министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн электрондук дарегине келип түшөт. Адистер мыйзамда каралган мөөнөттө катка жооп берүүгө милдеттүү.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь