ЖРТ-2020: Тестке кайсы онлайн-ресурстар менен даярданса болот?

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн төмөндөгү онлайн-ресурстарды сунуштайт.

  • ЖРТга даярдануу боюнча кыргыз жана орус тилиндеги колдонмо. Ал ЖРТга катышуу үчүн каттоодон өткөн ар бир абитуриентке берилет жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынын (www.testing.kg) «Жалпы республикалык тестирлөө» бөлүмүндө жайгашкан: http://www.testing.kg/ru/ort-test/besplatnye-broshjury-2016- goda-po-podgotovke-k-ort.html
  • ЖРТнын негизги тести боюнча 2019-жылы даярдалган жаңы кыргыз тилиндеги видеосабактар. Ал Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун сайтында (www.testing.kg), Илим-Элим онлайн билим берүү платформасында жана ББОУБнун ютуб каналында жайгашкан: https://www.youtube.com/channel/UCOAmPCmMuZdKbSL1NP9YKOQ/videos?disable_polymer=1./videos?disable_polymer=1.
  • Кыргыз жана орус тилдериндеги (негизги жана предметтик тесттер) акысыз онлайн (2 вариантта) сынак тест. Шилтеме: http://testing.kg/ort/.
  • Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун Фейсбуктагы (https://www.facebook.com/testing.kg/) жана Инстаграмдагы (https://www.instagram.com/ort_ceatm_official/) баракчаларында ЖРТ тууралуу маалымат, негизги жана предметтик тесттерди тапшыруу боюнча кеңештер бар.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь